Ошто Нариман айылынын айланма жолунан темир жол өткөөлүнө чейинки аралык кеңейтилет
25 февраль

Ошто Нариман айылынын айланма жолунан темир жол өткөөлүнө чейинки аралык кеңейтилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, И.Раззаков көчөсүнүн абалы менен таанышты, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Анын жүрүшүндө тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жеринде көчөнүн сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча төмөнкү тапшырмаларды берди:

- Жолду кеңейтүү максатында темир жол өткөөлүнөн баштап Нариман айылынын айланма жолуна чейинки тилкеде жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу;

- Сел каналдардын үстүн тосуп, өз билемдик менен орнотулган курулуштарды алып салуу;

- Жүк ташуучу унааларга жана атайын техникаларга жол боюна токтотууга тыюу салуу;

- Жол четиндеги арыктарды тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү.