Талас районунда салмагы 3 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды
Талас РИИБдин коомдук коопсуздук кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын №60 «Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде райондук мамлекеттик администрациясына кат жолдонгон. Анда наркотикалык зыяндуу заттарды колдонбоонун алдын алып, жапайы кара куурайлардан арылуу, максаты көздөлгөн.
Каттын негизинде милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары менен биргеликте Кең-Кол, Чоң-Алыш айыл аймактарында өскөн жапайы кара куурайларды өрттөп, жок кылышты. Жок кылынган жапайы кара куурайдын салмагы болжол менен 3 тоннаны түзөт.
