Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарды
2025-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин катышуусунда гибриддик форматта ИИМдин БМЖКККнын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.
2025-жылдын II чейрегинде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан 514 баңгизатка байланыштуу кылмыштар аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 570 килограмм 706 грамм баңгизаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынды.
Министрдин орун басары Нурбек Абдиев IT-технологияларды колдонуу аркылуу жасалган баңгизатка байланыштуу кылмыштарды аныктоого өзгөчө көңүл буруп, афганистандан келип жаткан баңгизаттардын контрабандасына бөгөт коюу, баңгилерди даярдоочу лабораторияларды табуу жана жок кылуу, ошондой эле калк арасында, айрыкча жаштар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.
Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндө укуктук ченемдик актыларды өркүндөтүү жана иштеп чыгуу, күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди дарыгердин рецептисиз сатууга жоопкерчиликти күчөтүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, айрыкча интернет аркылуу синтетикалык баңгизаттардын жайылышына каршы багытталган активдүү аракеттер баңгизатка байланыштуу кылмыштуулукту алдын алууга боюнча ишмердикти күчөтүү талабын койду.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү “Түндүк багыты” аркылуу афганистандан келген баңгизаттардын транзит коркунучу актуалдуу бойдон калууда.
Жыйынтыгында ишинде начар көрсөткүчтөрдү көрсөткөн 18 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
