Саламаттык сактоо министри Нарын областындагы саламаттык сактоо уюмдарынын иши менен таанышты
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Нарын областына болгон иш сапарынын алкагында Нарын областтык бириктирилген ооруканасына (НОБО), Областтык үй-бүлөлүк медицина борборуна (ОҮМБ), ошондой эле курулуш стадиясында турган саламаттык сактоо объектилерине барды. Сапардын негизги максаты – аймактагы саламаттык сактоо мекемелеринин учурдагы абалын талдоо, көрсөткүчтөрдү изилдөө жана тармактагы артыкчылыктуу милдеттерди талкуулоо болду.
Областтык оорукананын директору Муратбек Аляскаровдун айтымында, учурда стационарда 503 керебет иштейт. 2025-жылдын алты айында стационарда 10 328 бейтап дарыланган – бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору көрсөткүч (2024-жылы – 9 459 бейтап). Керебет жүгүртүү көрсөткүчү 80,5% түздү (2024-жылы – 76,3%), бул стационардык жардамга болгон муктаждыктын жана анын натыйжалуулугунун өсүшүн көрсөтөт.
Гемодиализ бөлүмүндө ушул жарым жылдыкта 130 бейтап дарыланып, 1 147 диализ сеансы жүргүзүлгөн (2024-жылы – 99 бейтап, 829 сеанс). Компьютердик томография бөлүмүндө 1 266 изилдөө жүргүзүлүп, бул былтыркы деңгээлге жакын (2024-жылы – 1 298 изилдөө).
Ошол эле учурда, чечүүнү талап кылган курч маселелер дагы бар. Атап айтканда, гемодиализ жана реанимация бөлүмдөрүндө медициналык жабдуулардын жетишсиздиги, ошондой эле дарыгерлердин тартыштыгы. 2025-жылдын август айына карата жалпы Нарын областы боюнча 141 дарыгер жетишпейт, анын ичинен 23ү – областтык оорукананын муктаждыгы. Адистерди тартуу максатында социалдык колдоо чаралары, анын ичинде үй-бүлөлүк дарыгерлерди турак жай менен камсыздоо маселеси каралууда.
Министр саламаттык сактоо уюмдарындагы Сапат бөлүмдөрүнүн эффективдүү ишин өзгөчө белгилеп, Нарын областтык ооруканасы бул багытта республика боюнча лидерликти көрсөтүп жатканын айтты.
Сапардын алкагында министр курулуш жана инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшүнө да өзгөчө көңүл бурду. Ал Нарын областтык соттук-медициналык экспертиза бюросунун моргунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, бул объектке бюджеттен 15,5 млн сом каралганын белгиледи. Имарат зарыл болгон жабдуулар менен да камсыздалмакчы.
Мындан сырткары, быйыл 100 орундуу төрөт бөлүмүнүн, Нарын шаарындагы ОҮМБнын жаңы имаратынын жана №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушу башталары белгиленди.
