Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн 75 орундуу кошумча имараты ачылды
30 август

Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн 75 орундуу кошумча имараты ачылды

Бүгүн, 29-августта аталган имараттын расмий ачылуусуна Президент Садыр Жапаров онлайн старт берди. Иш-чарага мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана медицина кызматкерлери катышты.

Пайдаланууга берилген 3 кабаттуу имаратта 2 операциялык блок бар. Мында көз жарган энелер үчүн санитардык нормалардын баары сакталган. Балдарды күчтөндүргөн таризде дарылоо блогу, энелер үчүн 2 реанимациялык блок бар.

Ар бир палата 2 же 3 энеге гана ылайыкташкан.

Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, 220 миллион сом жумшалды.