Кумтөр Тоголок кени менен Үч-Кошкон кыштагын бириктирген көпүрө курууда
6 август

Кумтөр Тоголок кени менен Үч-Кошкон кыштагын бириктирген көпүрө курууда

"Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому Тоголок алтын кенин жана Жаңгарт аянтын иштетүү үчүн зарыл болгон инфраструктуралык шарттарды даярдоодо.

Жакында Тоголок кени, Жанграт аянты менен Үч-Кошкон кыштагын бириктире турган Кайчы дарыясындагы көпүрөнүн курулуш иштери башталды.

Буга чейин унаалар бул дарыянын тайыз кечүүлөрүнөн өтүүгө аргасыз болуп, өтө чоң тоскоолдуктарга кабылып келген. Дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлгөн маалда же кышкысын тоңуп калган учурларда ал жерден өтүү мүмкүн болбой калчу.

Ушуга байланыштуу узундугу 20 метр 25 см, туурасы 6 метр 30 см болгон толук кандуу көпүрөнү куруу чечими кабыл алынган. Көпүрөнүн курулуш иштерин август айынын акырына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.

Тоголок кени, Жанграт аянты Какшаал тоо кыркасынын чыгыш капталында, деңиз деңгээлинен 3600-3900 метр бийиктикте жайгашкан. Кенге баруучу жол шар аккан тоо дарыяларынан тышкары, бийик аскалар, тик капталдар, бир нече ашуулар аркылуу өтөт.

Учурда Үч-Кошкон тоо айылынан Тоголок кенине чейинки 34 чакырымдык технологиялык жолдун курулушу боюнча долбоор даярдалууда. Мындан тышкары, кенге карай электр чубалгыларын тартууга, жумушчулар лагерин курууга жана алтын ылгоочу фабриканын курулушун баштоого даярдыктар көрүлүүдө.

Маалымат үчүн: Тоголок кенин иштетүүгө жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө 2023-жылдын 8-августунда лицензия берилген. Алтындын тастыкталган запасы 20 тоннага жакын. Тоголок алтын кенин өздөштүрүү 2 этап менен ишке ашырылып, 16 жылга эсептелген. Биринчи этапта алтын казуу ачык, карьердик ыкма менен ишке ашырылат.