Ноокен районундагы төрт айылды бириктирген жолго асфальт төшөлдү
Транспорт министрлиги
26 июнь

Ноокен районундагы төрт айылды бириктирген жолго асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм–Коминтерн унаа жолуна эки тараптуу асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт төшөө иштери каралып, курулуш иштери №51 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылды.

Союз мезгилинен бери бул жолго капиталдык оңдоо жүргүзүлбөй, ушул убакка чейин жалаң гана чуңкурларын бүтөө иштери аткарылып келген.

Жолдун асфальтталышы менен жергиликтүү тургундар үчүн жүрүү кыйла ыңгайлуу болуп, унаалардын коопсуз жана үзгүлтүксүз каттоосуна шарт түзүлүп, айылдардын ортосундагы транспорттук байланыш жакшырды.