Башкы прокуратура жана ЕККУ 2025-жылга карата кызматташуу планына кол койду
25 февраль

Башкы прокуратура жана ЕККУ 2025-жылга карата кызматташуу планына кол койду

Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев менен Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Роговдун расмий жолугушуусу болуп өттү.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, жолугушуунун негизги максаты – 2025-жылга карата кызматташуу Планына кол коюу болду.

Документ Башкы прокуратура менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө жана ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө багытталган. Анын алкагында укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында автоматташтырылган тутумдарды бирдиктүү санариптик чөйрөгө интеграциялоо жана эксперттик колдоо көрсөтүү боюнча бир катар иш-чаралар каралган.

Башкы прокурор Программалык кеңсенин Кыргыз Республикасында укуктук үстөмдүктү камсыздоого жана укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүүгө кошкон салымын белгилеп, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде, Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы эл аралык стандарттарды ишке ашыруу жана коррупцияга каршы механизмдерди өнүктүрүү жаатында мындан ары да биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кол коюлган документтин маанилүүлүгүн белгилешип, анын ийгиликтүү ишке ашышына ишеним билдиришти.