Кыргызстан менен Индонезия кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты
29 август

Кыргызстан менен Индонезия кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 29-августта Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Ариф Хавас Огросено менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга эки тараптын тең кызыкчылыгы ырасталды.

Министрдин орун басары мындан аркы терең жана көп кырдуу өнөктөштүктүн негизи катары диалогду бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүү үчүн келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү маселесин талкуулашты.