Түптө аянты 3,5 гектарды түзгөн сейил бак ачылды
Ысык-Көл облусунун Түп айылында заманбап сейил бак ачылды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты.
Аткарылган иштер менен жеринде президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев таанышып чыкты.
Сейил бактын жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. Жаңы коомдук жай жергиликтүү тургундардын жана коноктордун эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле маданий-массалык иш-чараларды жана үй-бүлөлүк эс алууну уюштуруу максатында курулган.
Сейил бактын аймагында төмөнкү объектилер жайгашкан:
- балдар аянтчасы - 180 чарчы метр;
- воркаут аянтчасы - 180 чарчы метр;
- 300 орундуу амфитеатр;
- унаа токтотуучу жай;
- жарманке үйлөрү;
- жети заманбап аттракцион жана башка эс алуу объектилери.
Аймакты көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулган. Сейил бактын аймагына ар түрдүү дарактар, декоративдик бадалдар жана гүлдөр отургузулуп, жарандардын эс алуусу үчүн жагымдуу экологиялык чөйрө түзүлдү.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу 2,5 чакырымды түзгөн дренаждык система тартылып, жер алдындагы жана жер үстүндөгү сууларды агызуу камсыздалды. Бул иштер аймакты кургатууга жана сейил бактын курулушу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди.
Жаңы сейил багынын курулушу Түп районунун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана калк үчүн заманбап коомдук мейкиндиктерди түзүүдө маанилүү кадам болуп саналат.
