Талас районунда мал уурулук фактысынын бети ачылды
26 июнь

Талас районунда мал уурулук фактысынын бети ачылды

2026-жылдын 24-июнь күнү Талас РИИБне Бакай-Ата районунун 2000-ж.т тургуну Б.А. арыз менен кайрылган. Арызында Талас районунун аймагындагы жайлоодо жүргөн 1 баш торпогу белгисиз себептерден улам жок болуп жаткандыгын билдирген.

Аталган арыз Талас РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Териштирүүнүн жүрүшүндө 2000-ж.т. Б.А ири өлчөмдө материалдык зыянга учураган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (Мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Талас РИИБдин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында шектүү катары Талас районунун 1991-ж.т. тургуну А.Ж. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция тарабынан жабырлануучуга келтирилген чыгым толугу менен өндүрүлүп берилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.