ТИМ кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумуш орундарын убада кылган алдамчылардан сак болууга чакырды
Чет өлкөдө жумуш издөөдө алдамчылык учурлары көбөйгөнү тууралуу кыргызстандыктарга эскертүү берилди.
КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосовдун айтымында, жаштарды Telegram жана башка социалдык тармактар аркылуу жогорку айлык акы, жол кире толугу менен төлөнөт деген убадалар менен азгырышууда.
Бирок баргандан кийин убадаланган жумуш жок экени аныкталып, айрым адамдар мыйзамсыз иштерге тартылып калуу коркунучуна дуушар болушууда.
Министрлик жарандарды чет өлкөдө ишке орношууда жумуш берүүчүлөрдү кылдат текшерүүгө жана расмий булактар аркылуу гана кайрылууга чакырды.
