Комитет «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
25 февраль

Комитет «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Бүгүн, 25-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. 

Мыйзам долбоору боюнча Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев маалымат берди.

Мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга болгон укугун ишке ашырууга, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салууга, ошондой эле көз карандысыз, жооптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө боло турган жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган. ЖМКларды каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу, маалыматка жетүү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин уюштуруу ченемдерин жана журналисттердин кесиптик ишмердигине байланыштуу башка ченемдерди тартипке келтирүү сунушталууда. 

Талкуунун жүрүшүндө депутат Гуля Кожокулова "жалпыга маалымдоо каражаттары", "тармактык басылма" түшүнүктөрүнүн айырмачылыктары, аларды каттоо тартиби тууралуу суроолорду көтөрүп, тармактык басылма ЖМК эмес экенин белгиледи. Депутат Карим Ханджеза блогерлердин маалымат таратышы боюнча суроолорду тактады. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары блогерлер кесипкөй журналист эмес экенин, буга байланыштуу мыйзам долбоорунда "блогер" деген түшүнүк жок экенин белгиледи.