
Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Бурханеттин Дурандын жолугушуусу болуп өттү.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Тараптар ошондой эле быйылкы жылы боло турган иш-чаралардын, сапарлардын жана эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын графигин карап чыгышты.
Тараптардын көп тараптуу платформаларда, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун жана Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү жана тереңдетүү маселелери кеңири талкууланды. Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен кадамдар, анын ичинде 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоону өнүктүрүү контекстинде макулдашылды.
Элчи Казакбаев менен тышкы иштер министринин орун басары Бурханеттин Дуран өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана өз ара соода жүгүртүүнү арттыруу, ошондой эле билим берүү жана медицина тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Түркиянын ооруканаларында жыл сайын бекер дарылоо боюнча макулдашууну толук ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.