КР ИИМ Академиясынын курсанттары ант беришти
КР ИИМ
8 ноябрь

КР ИИМ Академиясынын курсанттары ант беришти

Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында бүгүн, 8-ноябрда биринчи курстун курсанттарынын ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМден кабарлашты.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМ Академиясынын башчысы Азамат Ногойбаев, мурдагы ички иштер министри, отставкадагы милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев, ИИМ Академиясынын алгачкы жетекчиси, отставкадагы милициянын генерал-лейтенанты Бексултан Ишимов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы, отставкадагы милициянын полковниги Нату Ниязов катышты. Ошондой эле иш-чарага ички иштер органдарынын ардагерлери, курсанттардын ата-энелери жана жакындары, Академиянын профессордук-окутуучулук курамы жана өздүк курамы катышты.

Кабыл алуу сынактарынан жана жаш жоокер курсунан ийгиликтүү өткөн биринчи курстун курсанттары Мекенге ак кызмат кылууга салтанаттуу түрдө ант беришип, аларга милициянын катардагы кызматкери деген алгачкы атайын наам ыйгарылды. Бул күн жаш курсанттар үчүн ички иштер органдарындагы кесиптик кызмат жолунун башталышы болуп калды.

Жаш кызматкерлерди куттуктаган ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов ант берүүнүн ар бир болочок милиционердин жашоосундагы өзгөчө маанисин белгиледи. Ал курсанттарга Мекенге ак ниет кызмат кылууну, берген антына бекем турууну, мыйзамдуулукту так сактоону жана коомдук тартипти камсыздоону каалады.

Ички иштер органдарынын ардагерлери да жаш муундарга акыл-насааттарын айтып, чың ден соолук, кесиптик жактан өсүү жана кызматтык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалашты.

Салтанаттын көркүн күндүзгү окуу факультетинин курсанттарынын саптык даярдык боюнча көрсөтмө аткаруулары жана ИИМдин тез чара көрүүчү атайын отрядынын кызматкерлеринин ыкмаларды жана кесиптик даярдыктын элементтерин көрсөтүүсү толуктады.

Иш-чара ИИМ Академиясынын өздүк курамынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталды.