Кыргызстанда чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин уруксаттары жаңыртылды
сүрөт: depositphotos.com
8 ноябрь

Кыргызстанда чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин уруксаттары жаңыртылды

Кыргызстанда жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу менен алектенген жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксаттары каралды. Бул тууралуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунан билдиришти.

Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы менен бир катар жеке агенттиктерге уруксат берүү, алардын уруксаттарынын мөөнөтүн узартуу жана айрымдарына уруксат берүүдөн баш тартуу чечими кабыл алынды.

Тактап айтканда, «Динар Компани» ЖЧКсына Түркия, «ПФ Германия Карьера» агенттигине Германия, «Флай Глобус» агенттигине Түркия, «Олимп Кей Джи Трэвел» агенттигине Түркия жана Болгария, ал эми «Олива» агенттигине Германия багыты боюнча жаңы уруксаттар берилди.

Мындан тышкары, «ЭРА-Тревел» агенттиги Польшага, «Окуу жумуш Италия» агенттиги Италияга жарандарды ишке орноштуруу боюнча уруксат алды. Эки агенттикке тең уруксат белгилүү шарттар менен берилди.

Ал эми «Бест Чойс», «Тайга Групп», «Евро Сапар», «Рамай-Саякат», «Эмир Тревел», «Аиша» жана «Аска-Трэвел» агенттиктеринин уруксаттарынын мөөнөтү узартылды.

«Арча АС Туризм» ЖЧКсына Россия багыты боюнча уруксат берүүдөн баш тартылды. Ошол эле учурда Түркияга жарандарды ишке орноштуруу боюнча уруксаты дагы бир жылга узартылды.

Ошондой эле «Глобал проспект бридж» ЖЧКсына Германияга жарандарды ишке орноштуруу боюнча уруксат берилген жок.

Борбордон эскертишкендей, жеке агенттиктерге уруксаттар белгилүү бир өлкөлөргө жана белгиленген мөөнөткө гана берилет.