Жалал-Абадда жол тескөөчүлөргө 35 автоунаа берилди
видеодон алынган кадр
8 ноябрь

Жалал-Абадда жол тескөөчүлөргө 35 автоунаа берилди

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына ички иштер органдарына бир нече автоунаалар берилген.

Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБдан кабарлашкандай, анын ичинен 35 даана автоунаа Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө берилди. Бүгүн бул унаалар Манас шаарына алынып келинди.

Кызматтык автоунаалар элге сервистик тейлөө көрсөтүүдө, чакырууларга ыкчам барууда, жол кырсыктарынын алдын алууда, профилактика иштерин жүргүзүүдө колдонулат. Жаңы унаалар тоолуу аймактарга чыгууда, тайгак жолдо, ашууларда кыйынчылыкка кабылган айдоочулар үчүн керектүү каражаттар менен камсыз кылынды.

Жол тескөөчүлөрү аба ырайы суук мезгилдерде дагы ашууларда жарандардын коопсуздугу үчүн кызмат өтөшөт.

Жаңы унаалар кызматкерлердин иш алып баруусун дагы бир кыйла жеңилдетип, өздүк курамга керектүү шарттар түзүлдү.