Бишкекте коомдук ишмер, академик Жамин Акималиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
Бишкекте бүгүн, 8-ноябрда көрүнүктүү окумуштуу, мамлекеттик жана саясий ишмер, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик Жамин Акималиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев баштаган мамлекеттик органдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун кесиптештери, шакирттери, достору жана жакындары катышты.
Коштошуу зыйнатында маркумдун өрнөктүү өмүр жолу, кесиптик ишмердүүлүгү, көп жылдык илимий жана мамлекеттик кызматтагы эмгеги эскерилип, өлкөнүн айыл чарба тармагын жана ата мекендик илимди өнүктүрүүгө, жаш адистерди даярдоого жана илимий кадрларды калыптандырууга кошкон зор салымы белгиленди.
Зыйнаттын жүрүшүндө Жамин Акималиевдин кесиптештери, шакирттери жана замандаштары анын адамдык бийик сапаттарын, кесипкөйлүгүн жана мекен алдындагы ак ниет кызматын эскеришип, залкар окумуштуу өзүнүн талыкпаган эмгеги менен илим чөйрөсүндө өчпөс из калтырганын, ошондой эле бай илимий мурасы жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы аркылуу элдин эсинде түбөлүк сакталарын билдиришти.
Белгилей кетсек, “Легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 6-ноябрда 90 жашында каза болду.
