
Бишкек шаарынын мэриясы ӨКМБ жана Бишкек шаарынын тез жардам борборуна медициналык кызматтын автоунааларын тапшырды
Бишкек шаарынын мэриясы менен “КР Кызыл Жарым Ай” улуттук коомунун биргелешкен кызматташтыгынын, ошондой эле шаардын саламаттык сактоо системасынын ишин жакшыртуунун алкагында муниципалитетке биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн жабдылган 3 автоунаа берилди.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы оорулууларды ташуу үчүн медициналык кызматтын автоунааларынын бирин Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгына өткөрүп берди. Калган эки автоунаа Бишкек шаарынын тез жардам борборуна тапшырылды.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев автоунаалардын ачкычтарын айдоочуларга тапшырып, транспорт каражаттары шаардыктардын жашоо шартын жакшыртууга көмөктөшуп, борбор калаанын социалдык инфратүзүмдүк маселелерин чечүүдө пайдалуу ресурс болот деген ишенимин билдирди.