20 март

ЖКдагы талаш – аялдар квотасы: 20 депутат айым бизге эмнеси менен аздык кылып жатат?

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо системасын өзгөртүүнү камтыган мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жаткан учурда кеп аялдар квотасына бурулду.

Депутат Арсланбек Абдукаимов аялдарга 30 квота көп экенин белгилеп, аны 20га азайтууну сунуштады. Ошондой эле, мыйзам долбоорундагы бир округдан үч талапкер шайланса, анын бири сөзсүз аял болушу керек деген нормага каршылыгын билдирди.

«Биз кабыл алган чечимдердин, мыйзамдардын баары элдин кызыкчылыгына болушу керек. Мен аялдардын квотасын кесип салалы дегенден алысмын, бирок бир округдан үч депутат шайланса, анын бири сөзсүз аял болушу керек дегенге – эгерде аял талапкер 100 добуш алса, 12 миң добуш алган эркек талапкерди артка калтырып, парламентке келет. Бул элдин нааразычылыгын жаратат. Ушунчалык эле жеңилдик кылалы, мамлекеттик бюджетти үнөмдөйлү десек, 35 округду 75 округга бөлүп таштап, аялдарга 20 квота берип, Кыргызстан боюнча шайланып келгидей кылалы. Аял кишилер ушунчалык назик болушат экен, биз ушундай колдоо көрсөтөлү аларга. Бүгүнкү 20 депутат айым эмнеси менен бизге аздык кылып жатат?» – деди депутат.

Абдукаимовдун бул билдирүүсү айым-депутаттардын активдүүлүгүн жаратты. Сөз сүйлөөгө көп жазыла башташкандыктан, спикер Нурланбек Тургунбек уулу алдыдагы талаш-тартышты болтурбоого аракеттендиби, айым-депутаттарга микрофон берүүнү каалаган жок.

«Урматтуу айымдар, силер чыкпай эле койгулачы! Ыраазы болгула, мындай квота бир дагы мамлекетте жок. Ошол эле өнүккөн Европа өлкөлөрүндө да жок. Айланайындар, сиздер бизге ыраазы болсоңуздар болот. Кол чаап эле колдоп бергиле. Аялдарды сыйлаган жагынан Кыргызстандан өткөн бир дагы мамлекет жок экен. Силер сүйлөбөй эле койгулачы, силерге камкордук көргөнүбүз болсун, силердин ордуңарга биз сүйлөп коелучу», – деди спикер.