Жалал-Абаддагы Эски-Масы дарыясынын оң жана сол жээктери бекемделүүдө 
25 февраль

Жалал-Абаддагы Эски-Масы дарыясынын оң жана сол жээктери бекемделүүдө 

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Эски-Масы дарыясынын кооптуулук жараткан оң жана сол жээктери бекемделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бюжеттин атайын эсебинен 14 млн. 300 миң сом каражат бөлүнгөн. Учурда дарыянын оң жана сол жээктеринин 400 метр аралыгын темир бетондор менен бекемдөө жумуштары жүрүүдө.

Иштин натыйжасында Ноокен районуна караштуу Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 572 кожолугу жана 119 гектар айыл чарба жерлери сел кооптуулугунан корголот.

Учурда жумуштун 40 пайызы бүткөрүлүп, жумуш өз нугунда жүрүүдө.

Эске сала кетсек, өткөн жылы жаз-жай айларында жаан-чачын көп жаагандыктан дарыяда суунун дээңгели көтөрүлүп, тосмолору бузулгандыктан жакын жайгашкан калктуу конуштарга, айыл чарба жерлерине коркунуч жаралган.