Назгүл Жамгырчиева Свердлов райондук администрациянын аппарат жетекчиси болду
25 июль

Назгүл Жамгырчиева Свердлов райондук администрациянын аппарат жетекчиси болду

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Жамгырчиева Назгүл Советкановна Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Буга чейин бул кызматты Асанов Улукбек Намазбекович ээлеп келген. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. 

Назгүл Жамгырчиева Бишкек мэриясынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген. 

Анын ордуна Айсулуу Касмалиева дайындалды. Тиешелүү буйруктарга Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.