www
29 апрель
Москвада курулуштагы өрт. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталып жатат
Москва шаарынын түндүк бөлүгүндөгү жаңы курулуштардын биринде өрт чыккан. Кырсык күн мурун, 28-апрелде катталган.
КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, буга байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү органдар менен байланышып, жабыркагандардын же каза болгондордун арасында кыргыз жарандарынын бар-жогун тактоо иштерин башташты.
Учурда элчилик кызматкерлери ыкчам маалымат алмашуу максатында укук коргоо органдарында жүрүшөт.
Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө. Кошумча маалыматтар такталган сайын билдирилет.
