Кыргызстанда абактагыларды кыйноо фактысы дээрлик жоюлду: депутат буга таң калууда
Кыргызстанда эркиндигинен убактылуу ажыратылган жарандарга карата кыйноо фактылары жыл өткөн сайын азаюуда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүт Конкубаева билдирди.
Маалым болгондой, 2021-жылдан 2025-жылга чейинки статистикада – 2021-жылы бул боюнча 2 кылмыш иши козголгон, андан кийинки жылдарда такыр болгон эмес.
“Албетте, кыйноонун болбогону жакшы. Бирок Кыйноолорду алдын алуу борбору мурда иштеп турганда, бизге маал-маалы менен келишип, доклад жасашчу. Ошондо кыйноо фактылары көп эле айтылчу. А азыр таң калып жатам. СИЗОдо отургандардан уруп-сабоого кабылганы боюнча арыздар түшүп турат да?” – деп сурады депутат Дастан Бекешев.
Үмүт Конкубаеванын айтымында, арыздар болуп турат. Бирок 2025-жылы түшкөн 43 арыз текшерилгенде, анын 38инде кылмыш курамы жоктугу далилденип, келтирилген дооматтар аныкталбагандыктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ал эми төрт материал учурда илектенип жатат. Дагы бир материал боюнча Ысык-Көл облусунда жакында кылмыш иши козголгон.
Конкубаева белгилегендей, көбүнчө арыз жазгандар соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышат же арызын кайра артка алышат.
Дастан Бекешев абактагылар арызынан аларды мажбурлай, кайра дагы сабаганы үчүн да баш тартышы мүмкүндүгүн, прокуратура арыздануучу арызынан баш тарткан учурда дагы эгерде анын денесине келтирилген залал соттук-медициналык экспертиза тарабынан аныкталса, кылмыш ишин козгошу керектигин белгиледи.
Баш прокурордун орун басары айрым учурда арыздануучулар өздөрүнө өздөрү зыян келтиришерин, ошондуктан экспертиза денесиндеги жаракат башка бирөө тарабынан келтирилгенин аныктаган учурда гана юридикалык баа берилээрин айтты.
“Бизде дайыма “Рафик ни в чем не виноват. Он сам себе ударил” деген болот”, – деди анда Бекешев.
