Бишкекте кыргызстандыктардын Санкт-Петербургдагы укуктарын коргоо маселелери талкууланды
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова менен Санкт-Петербург шаарынын Тышкы байланыштар комитетинин төрага орун басары Евгений Кассюранын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Санкт-Петербург шаарындагы мигранттардын укуктарын коргоо, мыйзамдуу түрдө ишке орношуу маселелери жана каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү (жүк 200) боюнча маселелер талкууланды.
Евгений Кассюра учурда Санкт-Петербург шаары квалификациялуу жумушчу күчүнө муктаж экенин белгилеп. Ошону менен бирге, ал кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Өз кезегинде Ализа Солтонбекова Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө ишке орношуусу Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору аркылуу, тиешелүү расмий келишимдердин негизинде гана ишке ашырыларын баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргызстандыктардын Санкт-Петербург шаарында мыйзамдуу ишке орношуусуна жол ачкан механизмдерди биргеликте иштеп чыгууга макулдашышты.
Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө орусиялык тарап тарабынан мигранттар үчүн даярдалган маалыматтык жана түшүндүрмө материалдар менен да таанышуу болду.
