Бишкекте унаа тетиктерин сатуучу жайдан ири өрт чыкты
Бишкектин П. Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде унаа тетиктерин сатуучу жана оңдоочу жайдан ири өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кырсык 25-февралга караган түнү саат 2:19да катталган.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусуповдун жетекчилигинде жалпы 13 күжүрмөн эсеп (өрт өчүрүүчү унаа), Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу 1 дрон менен жана штаб тартылган.
Мындан сырткары, "Бишкек Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2, "Бишкек жашыл чарба" кызматынан 2 суу ташуучу унаа, РЭТтен 1 бригада, ИИМден 4 экипаж, 90 кызматкер жана тез жардам кызматы тартылган.
Бактыга жараша кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес жана өрттөн жабыркагандар жок.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен тилсиз жоо таңкы саат 6:04дө чектөөгө алынып, саат 9:08 толугу менен өчүрүлдү.
Өрттүн болжолдуу аянты 3000 чарчы метрди түзүп, жеңил конструкциядагы жанаша жайгашкан контейнерлер күйгөн.
