Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен Россияга барат
21 январь

Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен Россияга барат

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун чакыруусу менен 2025-жылдын 22-январында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен РФда болот. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү өтүп, кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маселелери талкууланат.