www
26 июнь
Кегетиде дарыяга агып кеткен алты жашар баланын сөөгү табылды
Кегетиде дарыяга агып кеткен алты жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Баланы издөө ишине 1000ден ашуун адам тартылган.
Эске сала кетсек, каргашалуу окуя 2026-жылдын 23-июнунда болгон. Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кеткен. Натыйжада унаанын ичинде болгон 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы баланы суу агызып кеткен.
Бул факт боюнча Чүй райондук ички иштер бөлүмүндө каттоо жүргүзүлүп, кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.
Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 12 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал эми 6 жаштагы бала изделип жаткан.
