Оштун Ак-Тилек кичи районундагы мыйзамсыз курулуштар алынат
25 февраль

Оштун Ак-Тилек кичи районундагы мыйзамсыз курулуштар алынат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 25-февралда кезектеги таңкы кыдырууга чыгып, Ак-Тилек кичи районундагы көчөлөрдүн абалы менен таанышып чыкты.

Шаар башчысы аны коштогон тиешелүү кызматтарга кызыл сызыктан чыгып, тротуарга курулуп калган мыйзамсыз чатырларды, тосмолорду, контейнерлерди жана башка курулуштарды бузуу менен бирге негизги көчөнүн боюна жаңы тротуарды курууну тапшырды.

Ошондой эле аталган аймакты көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жашыл аймактарды түзүүгө, тазалыкты сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирип, бул багытта тийиштүү иштерди алып баруу боюнча милдеттендирди.