Ишкерликти коргоого багытталган аракеттер
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан «Альфа Телеком», «Нур Телеком» жана «Скай Мобайл» уюлдук операторлорунун колдоосу менен «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу тууралуу СМС-билдирүүлөр жөнөтүлүүдө.
Аталган тиркеме мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүсүнө бөгөт коюу, инвесторлордун ишенимин арттыруу жана өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан.
«Бизнести коргоо» тиркемесинин жардамы аркылуу ишкерлер мамлекеттик органдардын негизсиз текшерүүлөрү жана кысым көрсөтүүсү жөнүндө түздөн-түз прокуратура органдарына билдирүү жөнөтө алышат, ошондой эле фото жана видео материалдарды тиркөө менен мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
«Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси – бул ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда өз укуктарыңыздарды коргоонун натыйжалуу куралы.
Мобилдик тиркемени жүктөп алуу үчүн шилтеме: https://prokuror.kg/security/ru
