Ошто турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылында турак үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМден кабарлашты.
Кырсык 25-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө катталган.
Жерине Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 2 офицер тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.
Тилсиз жоодон 50 жаштагы эркек киши каза болгон. Өздүгү такталууда.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт электр жылыткычтан чыккан.
