Садыр Жапаров бала бакчага жердин берилишине каршы чыккан имамдарга: силердин да балдарыңар бар
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Нургүл Сатылганова президент Садыр Жапаровго кайрылып, аталган айылда тургундардын күчү менен ачылган бала бакчанын документтери бүтпөй жатканына арызданды.
Айтымында, 11 жыл мурда айыл тургундары өз күчтөрү менен “Алтын муун – Наристе” бала бакчасын ачышкан. Учурда 150 бала тарбияланат жана 30 кызматкер иштейт. Бала бакча айыл өкмөтүнүн балансында.
“Бирок жерге жана имаратка ээлик кылуучу документтери бүтпөй келет. Мурдагы башпрокурор Зулушевге да кайрылганбыз. Жаныбызда мечит бар, имамдар жердин бизге берилүүсүнө каршылык көрсөтүп жатышат”, – деди ал.
Садыр Жапаров жеке бала бакча, мектеп ачууга ниеттенгендерге мамлекет бекер жер бөлүп берээрин эске салды. Райондун акимине кайрылып: “Айыл өкмөт менен биригип бир жолун таап бергиле. Имамдар менен сүйлөшкүлө, алардын да балдары бар, алардын балдары да бала бакчага барышат”, – деди.
Ошондой эле президент айылдарда да жеке менчик мектеп, бала бакча ачуу иштери колдоого алынаарын кошумчалады.
“Анткени бул мамлекеттик бала бакча, мектептерге эң жакшы альтернатива. Акы төлөнгөндөн кийин ал жакта жакшыраак карашат, жакшыраак билим беришет. Ошондой саясат жүргүзүп жатабыз”, – деди президент.
