Бишкек шаарынын Ленин районунда мыйзамсыз күйүүчү май сатууну алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө
14 октябрь

Бишкек шаарынын Ленин районунда мыйзамсыз күйүүчү май сатууну алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын Ленин административдик аймагында күйүүчү-майлоочу материалдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу жана аныктоо максатында рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Рейддер Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, Ленин районунун муниципалдык администрациясы жана Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Жыл башынан бери рейд жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 28 тонна күйүүчү май алынган.

Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантылып, күйүүчү май сатуудагы мыйзам бузууларды алдын алуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иштер күчөтүлөт.

Күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу же сактоо — мыйзам бузуу болуп эсептелет жана мындай аракеттер үчүн мыйзамдын алкагында катуу чаралар көрүлөт.

Эскертүү: Мыйзамсыз соода менен алектенгендерге айып пул салынып, товарлар мамлекеттин кирешесине конфискацияланат. Ар бир жаран мыйзамды сыйлап, мыйзамсыз соода фактылары жөнүндө тиешелүү органдарга кабарлап туруусу өтө маанилүү.