Кыргызстан Токмокто өзүнүн «Диснейлендин» курат
6 август

Кыргызстан Токмокто өзүнүн «Диснейлендин» курат

Туризм фонду жана Чүй райондук администрациясы бул ири долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту. Проекттин өнөктөшү – АКШнын IdeAttack, Inc. компаниясы. Бул компания дүйнө жүзүндө белгилүү Warner Bros. World (Абу-Даби), Changsha Aqua City (Кытай) сыяктуу долбоорлорду түзгөн.

Токмоктогу долбоор:

Борбор Азиянын жомоктогудай архитектурасы;
“Манас” эпосуна негизделген аттракциондор;
Улуу Жибек жолунун кербен жолдорун чагылдырган аймактар;
Улуттук музыка, бий, театрлаштырылган жомоктор;
Боз үй жасоо, кийиз өнөрү, ат үстүндө жүрүү жана салттуу ашкананы үйрөнүүчү мастер-класстарды камтыйт.

Бул парк – кыргызча фэнтези дүйнөсү, туристтердин жана коноктордун көңүлүн алат.

Долбоорго 50 гектар жер тилкеси бөлүнүп, эл аралык стандарттарга ылайык даярдалат. Кол коюлган Меморандум – 2024-жылдан бери жүрүп жаткан даярдыктардын жыйынтыгы. Долбоор үчүн Чүйдө 50 гектар эл аралык стандарттарга жооп берген жер тилкеси тандалды.

Кыргызстан IdeAttack компаниясынын Борбор Азиядагы алгачкы долбоору болууда. Бул парк өлкөбүздү дүйнөлүк туристтик картага чыгарып, жаңы жумуш орундарын түзүп, маданиятыбызды таанытат.