Кыргызстандын аймагына LEXUS GX470 унаасын алып кирүүгө аракет кылышкан
2 июль

Кыргызстандын аймагына LEXUS GX470 унаасын алып кирүүгө аракет кылышкан

Кыргызстандын аймагына LEXUS GX470 үлгүсүндөгү автоунааны мыйзамсыз ташып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекетик бажы кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, автоунаа Кызыл-Кыя шаарында Б.А.Т. аттуу жаранга катталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул унаа буга чейин Беларусь Республикасынын аймагында жасалма документтердин негизинде катталгандыгы такталган. Брест бажысы автоунаа расмий түрдө бажы жол-жобосунан өтпөгөндүгүн жана алардын маалымат базасында жоктугун ырастаган.

Б.А.Т. аттуу жарандын аракеттеринде бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу белгилери каралат, бюджетке келтирилген зыян, туумдар менен кошо эсептегенде 3 640 210 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар КР ФМ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берди.