Нарындагы Кында ашуусу жазга чейин жабылды
7 ноябрь

Нарындагы Кында ашуусу жазга чейин жабылды

Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун 65-73-чакырымындагы Кында ашуусу жазга чейин жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, ашуу 2025-жылдын 6-ноябрынан 2026-жылдын 1-апрелине чейин жабык болот.

Мындан тышкары, жакынкы күндөрү Калмак-Ашуу ашуусун жабуу пландалууда.

Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Буура жана Сары-Кыр ашуусу жазга дейре жабылган.

Чаткал жана Сузак райондорунун акимдеринин буйругуна ылайык, аймакты караган жол тейлөө ишканалары тарабынан тиешелүү жерлерге каттамдардын жабылгандыгын көрсөткөн жол белгилери орнотулган.