Кубанычбек Өмүралиев «СТОП ТБ» өнөктөштүгүнүн аткаруучу директору менен жолугушту
2025-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмуралиев «СТОП ТБ» өнөктөштүгүнүн Аткаруучу директору, илим доктору Люсика Дитиу айым менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө доктор Дитиу «СТОП ТБ» өнөктөштүгүнүн кургак учуктан жапа чеккен адамдарды, коомчулуктарды жана өлкөлөрдү колдоо боюнча демилгелери жөнүндө маалымат берди. Ал Борбор Азия өлкөлөрү калктын жогорку мобилдүүлүгү жана миграциялык агымдардын көптүгү менен байланыштуу кургак учук оорусунун деңгээли жогору болгон аймактардын катарына кирерин баса белгиледи. Ошондой эле, кургак учукка каршы күрөшүү программаларынын каржылануусу боюнча тынчсыздануусун билдирип, алдын алуу жана дарылоо чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кошумча ресурстарды тартуу зарылдыгын белгиледи.
ТМУнун Башкы катчысы К. Өмуралиев кургак учукка каршы күрөшүү маселеси ТМУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин жыйындарында дайыма талкууланып келе жатканын белгиледи. Ошондой эле, саламаттык сактоо системаларын чыңдоо жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сыяктуу эл аралык уюмдар менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал бул маселени эң жогорку деңгээлдеги талкуулоолордун күн тартибине киргизүүгө аракет кылаарын билдирди.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү О. Султанов Кыргызстан кургак учукка каршы күрөшүүдө эл аралык өнөктөштөр менен активдүү кызматташууга даяр экенин баса белгилеп, «СТОП ТБ» өнөктөштүгүнүн жетекчилиги менен ТМУнун алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенине ишендирди.
Маалымат үчүн: «СТОП ТБ» демилгеси 1998-жылдын март айында Лондондо өткөн кургак учук эпидемиясы боюнча Биринчи атайын комитеттин жыйынынан кийин түзүлгөн. Ошондон бери «СТОП ТБ» өнөктөштүгү кеңири глобалдык тармакка айланып, кургак учук көйгөйү менен алектенген коомчулуктарды, эл аралык жана техникалык уюмдарды, өкмөттүк программаларды, изилдөө жана каржылоо агенттиктерин, фонддорду, бейөкмөт уюмдарды, жарандык жана социалдык топторду, ошондой эле жеке сектордун компанияларын камтыган 2000ден ашуун өнөктөштү бириктирет. Алардын баары 2030-жылга чейин кургак учукту коомдук саламаттыкты сактоо үчүн коркунуч катары жоюу максатына жетүүгө умтулушат.
