Эмгек министрлиги жана “SOS Балдар айылдары Кыргызстан” КФ балдарды коргоо чөйрөсүндө өнөктөштүктү бекемдейт
17 май

Эмгек министрлиги жана “SOS Балдар айылдары Кыргызстан” КФ балдарды коргоо чөйрөсүндө өнөктөштүктү бекемдейт

16-Май күнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен "SOS Балдар айылдары Кыргызстан " КФнун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумуна кол коюлду. Документтин максаты - турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө туруктуу жана системалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле социалдык жетимчиликти алдын алуу.

Тараптар төмөнкүдөй багыттарда демилгелерди биргелешип ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты, үй-бүлөлүк чөйрөгө мүмкүн болушунча жакын камкордуктун альтернативдүү формаларын өнүктүрүү, үй-бүлөнү чыңдоо жана балдардын биологиялык ата-энелерден ажыроосун алдын алуу боюнча программаларды ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу жана балдарды коргоо чөйрөсүндө иштеген адистердин квалификациясын жогорулатуу, камкордук системасынан чыгып жаткан жаштарды коштоо, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана шашылыш жардам көрсөтүү маселелеринде өз ара аракеттенүү.

 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров фонд менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи:

"Биз"Кыргызстан Балдар айылдары" аттуу көп жылдык эмгегибизди жогору баалайбыз. Кол коюлган меморандум биздин өлкөдө Балдарды коргоонун натыйжалуу системасын түзүүдө жаңы этап болуп калат деп ишенем".

«SOS Балдар айылдары Кыргызстан» коомдук фонду өлкөбүздө 1996-жылдан бери иш алып барып, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жана оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү колдоп келет. Фонддун программалары республика боюнча 1 800дөн ашуун бала менен ата-энени камтыйт. Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында балдар айылы, жаштар үйлөрү, үй-бүлөнү бекемдөө программалары жана фостердик үй-бүлөлөр иштеп жатат.

Кол коюлган меморандум ар бир бала үчүн коопсуз, туруктуу жана камкор шарттарды түзүүгө багытталган кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө эки тараптын умтулуусун тастыктайт.