«Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган даректе тинтүү  иштерин жүргүздү
2 июль

«Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган даректе тинтүү иштерин жүргүздү

Экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө КР УКМК тарабынан «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун туруктуу экстремисттик ячейкасы аныкталып, алар “Zanqi” жана “Telegram” социалдык тармактары аркылуу өз катарына жаңы тарапкерлерди тартуу менен алектенип, үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп турушкан.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган 10 жерде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана буюмдар (китептер - 85, телефондор - 9, журналдар - 12, ноутбук - 1, флешкарталар - 5) табылган. Алынган буюмдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматына дин таануу экспертизасына жөнөтүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш иши боюнча соттолуучуларга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.