Токмок шаарында милиция кызматкерлерине пара сунуштаган жаран кармалды
2025-жылдын 28-июнь күнү Токмок шаарынан ЖККБнын кызматкерлери тарабынан мотоцикл башкарып бара жаткан жашы жете элек өспүрүм токтотулуп жанында тийиштүү документтери жок болгондуктан мотоцикл айып короого киргизилген.
Бул окуянын негизинде ЖККБнын кызматкерине жашы жетелек өспүрүмдун атасы 1977-жылы туулган Д.А. атуу жаран кайрылып жогорудагы ишти чечип берүү максатында акча каражатын сунуштап жатканын билдирип, Чүй ОИИББнын тергөө кызматына билдирген.
Бул факт Чүй ОИИББна каттого алынып, КР КЖКнын 345-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголуп, 1977-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кыматкерлерге пара берүү учурунда КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жана Токмок райондук ИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда тергөө амалдары уланууда, тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Д.А. атуу жарандын аракетине карата мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.
