ЖК төрагасы МинКаб төрагасын сынга алды
20 март

ЖК төрагасы МинКаб төрагасын сынга алды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Министрлер Кабинети маанилүү мыйзамды аткарууда кечигип жатканын билдирди. 

«2024-жылдын соңунда саясий, диний түшүнүгү үчүн репрессияга кабылган ата-бабаларыбызды актоо боюнча чоң саясий мыйзам кабыл алганбыз. Ал мыйзамдын 3-беренесинде так жазылып турат: МинКаб 3 айдын ичинде комиссия түзүп, ЖКга алып келиши керек эле, анан ар бир фракциядан бирден өкүл комиссиянын курамына кошулуп, убагында саясий репрессияга кабылган, басмачы деп таанылган ата-бабаларды актоо процесси башталмак. 3 ай өтөөрүнө 10 гана күн калды. Эртең биз шайлоочулар менен жолугушууга чыгып кетебиз», – деген Акаев 10-апрелге чейин МинКаб комиссия курамын бекитиши керектигин белгиледи. 

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин өтө жай иштеп жатканын сындады. Ал Министрлер Кабинетинин жана президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды:

«Жаңы төрагага кулак кагыш кылып коюңуз, кыймыл-аракети жайбаракат экен. Жайбаракат иштеген заман өткөн, азыр ыкчам иштеш керек. Жанар Акаев айтып өткөн мыйзамдын демилгечилеринин, авторлорунун бири катары айтып коеюн, айтылган мөөнөткө чейин комиссиянын курамын бизге алып келсин», – деди төрага.