Төрага Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушун көрүп чыкты
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 29-августта Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен шаарын айланып өтүү үчүн салынып жаткан жолдун курулушн көрүп чыкты. Бул тууралуу парламенттин кабарлашты.
Алсак, 9 чакырымдык айланма жолдун жана андагы эки көпүрөнүн курулушуна 596 млн сомдой каражат каралган. Үчүнчү категориядагы эки тилкелүү жол кийинки жылы бүткөрүлөрү күтүлүүдө.
Төрага аталган жолдун Кербен шаары үчүн эле эмес, жалпы аймак үчүн мааниси чоң экенин белгиледи.
“Жол салынып бүтсө башка райондорго каттаган унаалардын шаардын ичине кирбестен өтүп кетүүсүнө өбөлгө түзүлөт. Тагыраагы, Ала-Бука, Сары-Челек тарапка бара турган унаалар Кербен шаарын айланып өтө беришет. Бул өз кезегинде калаадагы тыгынды азайтууга көмөкчү болот”, – деди ал.
Ошону менен катар тиешелүү жетекчилерди иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырган Нурланбек Тургунбек уулу: “Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу пайдаланып, жолдун сапатын тыкыр көзөмөлдөш керек”, – деген талабын айтты.
