Ысык-Атада дайынсыз жоголгон 61 жаштагы жаран аман-эсен табылды
Чүй ОИИББ
15 сентябрь

Ысык-Атада дайынсыз жоголгон 61 жаштагы жаран аман-эсен табылды

Ысык-Атада дайынсыз жоголгон 61 жаштагы Чортек Мамбеталиев аман-эсен табылып, жакындарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. 

Аталган жаран 13-сентябрда саат 15:00 чамасында Новопокровка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ал деменция оорусунан жабыркайт.

Чортек Мамбеталиев 2026-жылдын 15-сентябрында болжол менен саат 09:00 чамасында Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы жаңы конуштан табылган.

Учурда жарандын абалы канааттандырарлык.