Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында үч гидроагрегат оңдоодон өткөрүлдү
Энергетика министрлиги
15 сентябрь

Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында үч гидроагрегат оңдоодон өткөрүлдү

Ат-Башы гидроэлектр станциясында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштери уланууда.

Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө карата №1, №2 жана №3 гидроагрегаттарында кезектеги оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Оңдоо өнөктүгүнүн алкагында станциянын өндүрүштүк имараттарына капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, Т-1 жана Т-2 трансформатордук аянтчалары тегизделип, шагыл төшөлдү. Ошондой эле жүк көтөрүмдүүлүгү 2×25 тонналык көпүрөлүү кран 50 тонналык гидродинамометрдин жардамы менен сыноодон өткөрүлүп, автотранспорт каражаттарынын дизелдик жабдууларына кезектеги оңдоо иштери аткарылды.

Өрт коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду. Станцияда автоматтык өрт сигнализациясынын долбоору даярдалып, орнотуу иштери толугу менен аяктады.

Оңдоо иштеринин графигине ылайык, сентябрь айында №4 гидроагрегатты жана SFF-28000/115 үлгүсүндөгү №1 трансформаторду кезектеги оңдоодон өткөрүү пландалган.

Ат-Башы ГЭСиндеги даярдык иштери «Электр станциялары» ААКнын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан оңдоо өнөктүгүнүн алкагында ишке ашырылууда.