Бишкекте Кыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө эл аралык борборунун филиалы ачылды
КР СӨП
15 сентябрь

Бишкекте Кыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө эл аралык борборунун филиалы ачылды

Бишкекте Кыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө эл аралык борборунун филиалы ачылды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.

Жаңы аянтча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы технологиялык, инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Ачылыш аземине КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Үрүмчү шаарынын мэри Шэнь Линь баштаган Кытай делегациясы катышты.

Борбордун негизги милдети — Кыргызстандын экономикасынын муктаждыктарына ылайык Кытайдан заманбап технологияларды жана жабдууларды тартуу, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, өндүрүштөрдү локалдаштырууга жана инвестицияларды тартууга көмөктөшүү. Ар бир долбоор идеядан баштап өндүрүш ишке киргенге чейин коштолот.

КР СӨПүнүн Кытайдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Айбек Асанбеков белгилегендей, негизги максат — товарларды жөн гана сатып алуу жана сатуу моделинен «бирге түзүү жана өнүктүрүү» моделине өтүү.

Кытайдагы КР СӨПүнүн өкүлчүлүгү менен Кыргызстандагы Борбор бирдиктүү механизм катары иштеп, технологияларды, өнөктөштөрдү жана инвесторлорду табуудан тартып, аларды Кыргызстанда практикалык долбоорлорго айландырууга чейин иш алып барат.