Кыргызстанда 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады
Бүгүн Кыргызстандын мектептери 1,5 миллион окуучуга эшигин ачты. Алардын ичинен 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады.
Агартуу министрлигинен кабарлашкандаЙ, өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.
12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар жаңы билим берүү системасына өттү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун улантышат.
Учурда республика боюнча 2374 мектеп иштейт. Алардын 2132си мамлекеттик, 242си жеке менчик мектептер.
Ошондой эле өлкөдө 94 кесиптик лицей иш алып барат. Жаңы окуу жылына карата кесиптик лицейлерге электрондук система аркылуу 17 миң 307 окуучу кабыл алынды.
2026-жылдын 11-сентябрында Талас облусунда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 100 социалдык объект онлайн форматта пайдаланууга берилди. Алардын арасында 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.
Мындан тышкары, жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү каралган. Анын ичинен 56сы жаңы курулуш объектиси — 49 мектеп жана 7 бала бакча. Ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 2 мектепти пайдаланууга берүү пландалууда.
Жаңы окуу жылыңыздар ийгиликтүү болсун! Ар бир билим берүү мекемесинде сапаттуу билимге, чыгармачылыкка жана жаңы жетишкендиктерге жол ачылсын!
