Салмак-габариттик көзөмөл чөйрөсүндөгү коррупциялык схема аныкталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 сентябрь

Салмак-габариттик көзөмөл чөйрөсүндөгү коррупциялык схема аныкталды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө транспорттук көзөмөл чөйрөсүндөгү кызмат адамдары акчалай сый акы үчүн салмак-габариттик ченемдерди бузган оор жүк ташуучу унаалардын тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзгөн коррупциялык схема уюштурушкандыгы аныкталды.

Алсак, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин айрым жетекчилиги жана Чүй областындагы транспорттук жана салмак-габариттик көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери аныкталган мыйзам бузууларды каттабай, тиешелүү жоопкерчилик чараларын көрбөстөн, оор жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системалуу түрдө 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча каражатын алып турушкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.