Жалал-Абадда мыйзамсыз курулушка уруксат берилгени аныкталды
2 июль

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулушка уруксат берилгени аныкталды

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы тарабынан Регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында шаар куруу мыйзамдарынын талаптары одоно түрдө бузулгандыгы аныкталды.

Такталгандай, “Б.К.” ЖЧКга беш кабаттуу турак жай куруу үчүн уруксат берүүчү документтер курулуш нормаларын бузуу менен, колдонуудагы мыйзамдарда каралган талаптарды сактабастан берилген.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.