Каракол шаарынын мэри Пушкин паркындагы реконструкциялоо иштерин текшерди
2025-жылдын 5-август күнү Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев Пушкин паркында жүрүп жаткан реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Калаа башчысы курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниянын жетекчилери менен жолугушуп, аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана шаардык стандарттарга ылайык бүткөрүүнү тапшырды.
Ошондой эле, тиешелүү шаардык жетекчилерге ишке эртең менен келатып жана кечинде кайтып баратып жол-жоболордун аткарылышын жеке көзөмөлдөп турууну тапшырып, жумуштун үзгүлтүксүз жүрүшүнө жана сапаттуу аткарылышына өзгөчө маани берүү керектигин белгиледи.
