Милиция кызматкерине пара берүү боюнча жаран кармалды
6 август

Милиция кызматкерине пара берүү боюнча жаран кармалды

Ленин РИИБдин кызматкерлери ИИМдин Бишкек шаары боюнча Кызматтык иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаранды кармашты.

2025-жылдын 2-августунда Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну Ленин райондук ИИБге арыз менен кайрылган. Анын айтымында, эртең мененки саат 05:00дөн 06:00 чамасында Чортеков жана Жаңыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде анча тааныш эмес эркек киши Kia K5 үлгүсүндөгү унаанын ичинде ага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин жасоого аракет кылган.

Бул факт Ленин райондук ИИБдин МЭЖге катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө ал жарандын өздүгү такталып, ал 1998-жылы туулган С.Т. экени аныкталган. Ал көрсөтмө берүү үчүн Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө учурунда ал кылмыш ишин токтотуу максатында милиция кызматкерине акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган. Бул факт боюнча жетекчиликке дароо маалымат берилген.

2025-жылдын 5-августунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында 1998-жылы туулган С.Т. аттуу жаран акча каражатын берип жаткан учурда кармалган.

Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1998-жылы туулган С.Т. ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда бул факт боюнча ар тараптуу тергөө иштери жүргүзүлүүдө.